2024-жылдын 19-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу институтунун жаштар комитети тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «History time» аттуу 1-4-курс студенттери арасында интелектуалдык таймаш  өткөрүлдү.

Сынактын жүрүшүн жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Алмаз Кадыр уулу баштаган калыстар тобу акыйкаттуу баалап берди. Оюн кызыктуу жана шаңдуу маанайда жүрүп, “Тарых”, “Логикалык суроолор”, “Визуалдаштыруу” жана “Улуу инсандар” деген  категориялар боюнча мелдеш болду.

Акыл таймашка жалпысынан 9 команда катышып, төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

  • 1-орун: «Алга» командасы
  • 2-орун:«Ак-Кеме» командасы
  • 3-орун: «Мурас» командасы

Студенттер бул иш чара инстиутуттун активдүү студенттерин бир аянтчага чогултуп, алардын тажырыйба жана идея алмашуусуна шарт түзгөнүн баса белгилешти.

Оюндун соңунда калыстар тобу байгелүү орундарга ээ болгон командаларды жана активдүү катышкан студенттерди ардак грамоталар  менен сыйлады.

(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий