2025-жылдын 7-август күнү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы “Билим Бишкек” инновациялык борборунун иши менен таанышып, жаш жеткинчектер менен баарлашты.

Борбордун мүдүрү Санжар Алтымышев өзү жетектеген түзүмдүн курамындагы лабораторияда жана студияларда аткарылып жаткан иштер тууралуу министрге маалымат берди.

Таанышуунун соңунда борбордун ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым маселелер каралып, талкууга министрдин орун басары Нурлан Омуров, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) координатору Мехмет Бодур мырза жана КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев катышты.

Белгилей кетсек, «Билим Бишкек» инновациялык борбору Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түркия Технология командасы, Т3 фонду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин кызматташтыгында курулуп, 2024-жылдын 7-ноябрында Түркия Республикасынын биринчи айымы Эмине Эрдогандын катышуусунда расмий ачылган.

Добавить комментарий