2024-жылдын 14-15-февралында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору тарабынан жогорку окуу жайлардын жана педагогикалык колледждердин окутуучулары үчүн «Максаттуу бөлүмдөрдү усулдук камсыздоо маселелери» боюнча тренинг болуп өттү.

Сабакка И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын жетекчиси, п.и.к., профессор Адылбек кызы Гүлназ жана ушул эле кафедранын ага окутуучусу С.А.Кабылова катышты.

Тренингдин максаты – башталгыч класстардын болочок мугалимдерин даярдоо программасына базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк болуучу жаңы ыкмаларга окутуу жана өткөрүү дараметин жогорулатуу болуп саналат.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий