12-16 – февраль күндөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт боюнча департаменти менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери арасындагы «Ден соолук» спартакиадасы болуп өттү.

КУУнун волейбол боюнча курама командасы 45 жаштан жогорку категорияда катышып, 3-орунга ээ болду. Университеттин курама командасынын ийгиликке жетишине социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы, доцент А.Р.Жусубалиев менен жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын  ага окутуучусу Т.М.Мусакулов зор салымын кошушту.

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жамааты кесиптештерин жетишкен ийгилиги менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр каалайт жана дагы көптөгөн жеңиштерди багындырышына ишенет.

(С) Турдубаева Сезим – социология жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий