2024-жылдын 19-февраль күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында «Кыргызстан» топтолмо пенсиялык фондунун директорунун орун басары, бизнес-тренер, финансылык консультант, э.и.к., доцент Башарат Молдокулова кыргыз-европа факультетинин студенттерине «Финансылык жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу» темасында тренинг өткөрдү.

Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жеке бюджетти туура көзөмөлдөө, жеке иш ачуу жолдорун изилдеп-тандоо, кредит системаларынын талаптары, пенсиялык фонддордун максаттары тууралуу маалыматтарды жеткирүү максатында кыргыз-европа факультети тарабынан уюштурулган иш чарада Башарат Молдокулова катышуучулар менен финансылык пландаштыруунун негиздери, пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсү, жарандардын малымдуулук деңгээлин жогорулатуу жана ишенимин бекемдоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Лектор студенттердин “Эмне үчүн келечектеги пенсияны түзүүнүн эрежелерин билишибиз керек?” деген суроосун алдын ала, “Биз дайыма жаш болуп калчудай элестетебиз. Бирок биздин ар бирибиз убагы келгенде пенсия курагына жетебиз. Пенсиянын өлчөмү ар дайым адамдын эмгек жана коомдук жашоосунун негизги натыйжасы болуп саналат. Сиздер билимге жана тажрыйбага ээ болушуңуз керек, келечекте пенсияңызды калыптандыруу жана анын өлчөмүнө таасир берүү үчүн сунушталган каржылык инструменттерди колдоно билүүңүз керек», – деди.

Тренингдин жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, фонддун продуктылары жана кызматтары боюнча кеңеш алышты.

(С) Аманкулова Залина – “Экономика жана укук” программасынын окутуучусу

Добавить комментарий