2024-жылдын 19-февралында педагогика илимдеринин доктору, “Кыргызстан Маариф” фондунун директорунун орун басары, “Таалим” басма үйүнүн негиздөөчүсү Кыялбек Акматов И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттерине “Жаңы формациядагы мугалимдин образы” деген темада конок лекция өттү.

Иш чараны институттун  директору Рахат Сулайманова ачып, студенттерге лектордун өмүр баяны жана эмгек жолу менен тааныштырды. 

Сабактын соңунда студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, алгылыктуу жоопторду алышты. Эң мыкты жооп үчүн студенттерге кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Жыйындын аягында ПКМДИнин директору К.Акматовго ыраазычылык кат тапшырды.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий