2024-жылдын 17-февралында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан студенттер жана магистранттар үчүн уюштурулган “Түркологиялык окуу – I” аталышындагы онлайн лекциялар сериясынын 4-окуусу болуп өттү.

Окуунун бул жолку коногу Түрк мамлекеттер уюмуна караштуу Эл аралык түрк академиясынын доценти, доктор, лингвист-түрколог, булак таануучу, котормочу, жазуучу Нурдин Усеев мырза болуп, “Манас эпосу жана байыркы түрк жазма (битиг) эстеликтери” деген темада лекция окуду. Доцент “түрк”, “барк”, “түрк иденттүүлүгү” жөнүндө кеңири маалымат берип, “Манас” эпосунун феноменалдуулугун белгилеп, аны илимий булак катары таанытуу зарылдыгын айтып, эпосту байыркы жазма эстеликтердин текстти менен салыштырып көрсөтүп берди. “Манас”, “Семетей” эпосторунун тексттеринде кездешкен айрым  сөздөрдүн  петроглифтер менен дал келүүсүн иллюстратифтик материалдар менен токтолду. Муну менен катар байыркы Орхон-Енисей жазма эстеликтеринде кездешкен “түрк” сөзүнүн “бир тилде сүйлөгөн, орток тарыхка ээ эл” маанисинде колдонуларын белгилеп өттү.

Катышуучулар лекторго ыраазычылыгын билдирүү менен бирге түрк элдеринин орток мурастарын кеңири жайылтуу үчүн мектеп жашындагы балдарга жогорудагы маалыматтардын жөнөкөйлөштүрүлгөн вариантын иштеп чыгууну колго алуу керектигин айтышты. Лектор бул боюнча Эл аралык Түрк Академиясынын атайын чоң доорбору иштеп жаткандыгын айтып өттү.

Лекцияны Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова жана улук окутуучу Фаризат Курамаева алып барышты. Лекция түрк тилинде ишке ашты. Аты аталган окутуучулар лекторго университеттин атынан ыраазычылык билдирип, жигердүү кызматташуу жүргүзүү сунушун айтышты.

Бул жолку лекцияга университетибиздин Кыргыз филологиясы факультетинин деканы доцент Бактыбек Жайлообаев жана түркология жана котормо таануу бөлүмүндө, Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин түркология кафедрасында, Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмүдө, Кавказ университетинде, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетининде “Филология”, “Тарых”, “Лингвистика”, “Чөлкөм таануу”, “Чыгыш тилдери”, “Котормо таануу”, “Азыркы түрк тилдери жана адабияты” багыттарында билим алып жаткан 60тан ашуун студент, магистранттар катышышты.

Белгилей кетсек, “Түркологиялык окуу” 4-мартка чейин созулат.

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы

Добавить комментарий