2024-жылдын 14-февралында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын 2-курс студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Жыйынга институттун директору Камчыбек уулу М., кафедра башчысы Карабалаева Г.Т., куратор Аркабаева А.С., о.э. карьера жана практика борборунун директору Бакалбаев З.М. менен жетектөөчү адиси Саматали к. А. катышты.

Студенттер тарабынан презентациялык формада практика учурунда жасалган иш-чаралар боюнча отчет берилип, жетекчилик тарабынан практиканын жыйынтыгы жогорку деңгээлде экендиги белгиленди.

(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий