2024-жылдын 15-февраль күнү ректораттын жыйындар залында Төлөбек Абдрахманов өздөрү машыккан спорттун түрү боюнча эл аралык аренада ийгилик жаратып келе жаткан юридикалык институттун 3-курс студенттери Эмил Молдодосовду, Тегин Алмазжан уулун, Калмира Билимбекованы жана дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримовду кабыл алды.

Ректор эл аралык мелдештерде ийгиликтерди багындырып, желегибизди желбиретип келе жаткан студенттерге ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады жана университет колунан келишинче жардам берерин айтып, “Биз спортко кызыккан, аны менен машыккан жаштардын чыгышына кызыкдарбыз. Силер бир гана университеттин атын чыгарбастан, өлкөбүздүн сыймыгысыӊар”, -деди.

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов студенттерди ректорго тааныштырып, Эмил Молдодосов 1-февралдан 10-февралга чейин Ташкентте оор атлетика боюнча өткөрүлгөн Азия чемпионатында 3-орунду, Калмира Билимбекова эркин күрөш боюнча январь айында Россиянын Красноярск шаарында өткөрүлгөн “Иван Ярыгин-2024” турнирине катышып, 3-орунду ээлегенин, ал эмит Тегин Алмазжан уулу жай айларында дзюдо боюнча Кытайда өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк универсиадада күмүш медаль тагынганын айтып берди. Ал о.э. аталган студенттердин буга чейинки ийгиликтери тууралуу да маалымат берип, студенттер турнирлерге кеткен убакта пайда болгон айрым маселелерди чечүүгө ректордон жардам сурады.

Добавить комментарий