2024-жылдын 15-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Ulut Soft компаниясы жана Кыргыз улуттук университетинин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан уюштурулган Хакатондун ачылыш аземи болуп өттү.

Жыйынды КТЖИИнин директору Амантур Рыспаев ачып, сөз кезегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берди.

Ал өз сөзүн NVIDIA компаниясынын президенти Дженсен Хуанг мырзанын баяндамасынан алынган “Ар бир улут үчүн азыр эң маанилүү, приоритеттүү багыт – бул башкаларга көз каранды болбой, жасалма интеллект үчүн өзүнүн улуттук машинасын түзүү” деген цитата менен баштап,

Ошондуктан, 2023-жылдын январь айында биз атайын суперкомпьютер сатып алганбыз. Ал компьютерде Мирбек Окенов жетектеген Ulut Soft компаниясы менен Каныбек Осмоналиев жетектеген Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия биригип өзүбүздүн LLM машинасын түзүп, текстти сөзгө айлантуу (TTS), сөздү текстке айлантуу (STT) жана башка маселелердин үстүндө иштеп жатышат. Бүгүнкү биздин Хакатонубуз TTS маселесине арналат. Бул – алгачкы кадам, анткени бул жылы биз дагы 4-5 жолу мындай таймаштарды өткөрөбүз. Катышуучуларды сырттан да алып келебиз. Жыйынтыгында ар кандай тиркемелер, плагиндер чыгат деген ойдобуз. Ошондуктан, бүгүн өтө маанилүү күн, тарыхый мүмкүнчүлүк. Беш-алты күндөн кийин сиздер иштеп чыккан программалардын жалпы элибиз, жалпы мамлекетибиз үчүн пайдасы тийип баштайт деген ойдобуз. Анда сиздерге ийгилик, ал эми ушундай шарт түзүп бергени үчүн Кыргыз улуттук университетине ыраазычылык. Рахмат.

– деди.

Хакатондун катышуучуларын о.э. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Ulut Soft компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов куттукташты.

Андан кийин катышуучуларга долбоорлор бөлүштүрүлүп, Хакатон башталды.

Программалык касыздоону иштеп чыгуучулардын форумуна Кыргызстандагы 12 жогорку окуу жайынан 25 команда катышууда. Катышуучулардын жалпы саны 165.

Добавить комментарий