2024-жылдын 15-февраль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Корея Республикасынын Пусан улуттук университетинен КУУнун тил академиясына тил стажировкасынан өтүү үчүн келген студенттерге сертификаттарды тапшырды.

Өз университетинде орус тилин үйрөнүп жаткан студенттер 31-январдан 15-февралга чейин 2 жума бою академиянын окутуучулары менен орус тилин билүү деңгээлин жогорулатып, музейлерге, көргөзмөлөргө барышып, Бишкектин кооз жерлерин кыдырып, кыргыз жана орус каада-салты, маданияты менен таанышышты. Кыргызстанда болуу корей студенттери үчүн орус тилин өркүндөтүүгө, Кыргызстандын тарыхы жана жаратылышы менен таанышууга жана корей тилин үйрөнүп жаткан КУУнун студенттери менен достошууга мүмкүнчүлүк түздү.

Академиянын окутуучулары Пусан улуттук университетинин студенттерине бул стажировканы көпкө чейин эстеп, жылуу, жагымдуу эскерүүлөрдү калтыруу үчүн көп убактысын арнашты.

Ректор студенттерди жылуу кабыл алып, аларга тил үйрөнүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалап, Пусан университети менен кызматташуу өнүгөт деген ишенимин билдирди. Студенттер өз кезегинде КУУнун ректоруна, тил академиясынын директоруна жана окутуучуларына жакшы кабыл алып, көңүл буруп, камкордук кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Кореялык студенттерге эстелик белектер жана курсту аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

(С) Тамара Симонович – КУУнун тилдер академиясынын директору

Добавить комментарий