2024-жылдын 8-февралында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда студенттер жана магистранттар үчүн кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан уюштурулган “Түркологиялык окуу – I” аталышындагы онлайн лекциялар сериясынын 3-окуусу болуп өттү.

Окуунун бул жолку коногу Түркия Республикасынын Элазыг шаарындагы Фырат университетинин профессору, белгилүү түрколог, лингвист, доктор Ахмет Буран мырза болуп, “Түркологиядагы терминология маселелери” деген лекция окуду. Профессор түркологиянын өз алдынча илим катары атайын терминдик коруна токтолуп, “түрк” термини жана жазма эстеликтер, орток мурастар боюнча кеңири анализи менен бөлүштү жана бул маселе боюнча Түрк Мамлекеттер Уюмуна кирген өлкөлөрдүн окумуштууларынын ортосунда орток долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө, Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин түркология кафедрасында, Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмүдө, Кавказ университетинде, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетининде окуган 100дөн ашуун студенттер катышкан сабактын жүрүшүндө жогоруда белгиленген маселелер боюнча талкуу жүрүп, алар Ахмет Буран мырзадан мындан кийин да түркологиянын маселелери боюнча ар кандай платформаларда салттуу жана аралыктан лекцияларды окуп берүүсүн өтүнүштү. Магистранттардын көпчүлүгү чет элдик жарандар болгондуктан, алар орток алфавит маселеси, түрк дүйнөсүнүн азыркы маданий-адабий алакалар боюнча ой-пикир, сунуштарын билдиришти. Лектор билим берүү жана илимий жаатта көмөкчү болорун билдирди.

Лекцияга факультет деканы Бактыбек Жайлообаев, Фырат университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы Эржан Алкая, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти Егана Кахраманова катышып, сөз сүйлөштү.

Сабактын жүрүшүндө окууга катышкан белгилүү окумуштуулар Фырат университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы Эржан Алкая мырза менен окутуучулар жана студенттер менен алмашуу программалары боюнча ойлорун айтышты.

Белгилей кетсек, “Түркологиялык окуу” 4-мартка чейин созулат.

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий