2024-жылдын 31-январында КУУ практика жана карьера борбору «Info Group» агенттигинин кенешчиси Омер Озел Лел жана директордун орун басары  Эмика Эгембаева менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде ректор Толобек Абдрахманов «Info Group» агенттиги менен КУУнун ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду. Алдын ала «Info Group» агенттигинин директору Каныкей Байматов кол койгон.

Келишимде агентиктин өкүлдөрү менен студенттерге  жолугушууларды өткөрүү, конок лекцияларды уюштуруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган. КУУнун студенттерин практикадан жана эл аралык такшалмалардан өтүүсү, студенттер үчүн тил курстарын уюштуруу көрсөтүлгөн. 

Жолугушууга о.э. «Info Group» агенттигинин директорунун орун басары  Эмика Эгембаева менен ПжКБ башкы адиси Жыпаргүл Шерматова катышты.

(С) Саматали к. Акбермет – жетектөөчү адис

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Добавить комментарий