Мурда кабарлангандай, кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө студент жана магистранттар үчүн “Түркологиялык окуу – I” аталышындагы онлайн лекциялар өтүүдө. 2024-жылдын 1-февралында саат: 14:00дө аталган сериянын 2-окуусу болуп өттү.

Сериянын бул жолку коногу Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доцент Рохила Рузманова болуп, “Самарканд түркология мектеби” жөнүндө кеңири маалымат камтыган кызыктуу доклад жасады жана Өзбекстандагы түркология адистиги боюнча билим берүү программалары, түркологиянын актуалдуу маселелери, Самарканд түркологиялык мектебинин өкүлдөрү тууралуу кеңири айтып өттү. Лекция суроо-жооп, ой-пикир, сунуштар менен коштолуп, бир жарым саатка созулду. Түркология бөлүмү менен жогоруда аталган университет менен кызматташуу, орток окуу программаларын иштеп чыгуу боюнча да сунуштар айтылды.

Эскерте кетсек, “Түркологиялык окуу” лекциялар сериясы 4-мартка чейин созулат.

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы

Добавить комментарий