Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, доцент Назгуль Турдубаева 2024-жылдын 27-30-январында Азербайжан Республикасынын Баку мамлекеттик университетинде онлайн форматта өткөн “Дүйнө жана түрк элдеринин окумуштуу аялдары” аттуу II эл аралык илимий конгресске катышып, “Дүйнөнү өзгөрткөн аялдар же Кытайдагы кыргыз акын кыздардын ырлары” аттуу баяндама жасады.

Аталган илимий иш чарага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Румыния, Индия, Алжир өлкөлөрүнүн окумуштуу аялдары илимий изилдөөлөрү тууралуу баяндамалары менен чыкты.

(С) Назгуль Турдубаева – КФФ деканынын илимий иштер боюнча орун басары, доцент

Добавить комментарий