2024-жылдын 2-февралында санариптик технологиялар борборунда КУУнун карьера жана практика борбору, экономиканын жогорку мектеби жана ProKG кесиптик клубу биргеликте уюштурган “Лидерлик” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Жыйынды карьра жана практика борборунун директору Замир Бакалбаев ачып, сөздү окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултановго берди. Ал иш-чараны уюштуучуларга ыраазычылык билдирип, студенттердин убактысы текке кетпей, пайдалуу маалымат алып кетет деген ишенимде экенин жана “Z” мууну деп аталган азыркы жаштар өзгөчө жөндөмгө ээ экенин билдирип, “Силер биздин келечегибизсиңер, силерден мыкты лидерлер чыгат деген ишеничтебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады.

ProKG клубунун аткаруучу директору Федор Логунов өзү жетектеген клуб тууралуу презентация жасады. Анын айтымында, Pro KG – бул билим берүүгө, жаштардын потенциалын ачып, лидер болууга багыттоочү долбоор.

Клубдун мүчөсү жана проекттин бүтүрүүчүлөрү Арген Дарманов менен Алтынай Токтосунова өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, лидерлик, алдыга умтулуу, окуудан тышкары активдүүлүк жана чет өлкөдө билим алуу тууралуу айтып беришти.

Иш-чаранын аягында студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Добавить комментарий