2024-жылдын 2-февралында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова менен педагогикалык колледждин башчысы Мирбек Шарабидинов Эл аралык Кувейт университетинин “Психология” сабагынын окутуучусу Бактыгүл Кубатбекова менен жолугушуп, өз ара кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча пикир алышты.

Ушул эле күнү Кувейт университетинин окутуучулары Назира Койчубаева, Гүлина Турганова жана Аскарбек кызы Дилдорохон педколледждин студенттерине “Педагогика жана психологияда жеңил жана катуу көндүмдөрдүн орду” аталыштагы конок лекция өтүп, ПКМДИнин директору Рахат Сулайманова менен педколледждин башчысы Мирбек Шарабидинов аларга тажрыйба алмашкандыгы үчүн тастыктама тапшырышты. 

Мындан ары да конок лекциялар уланат.

(С) Айжан Кыдыралиева – И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий