2024-жылдын 24-январында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда кабыл алуу комиссиянын отуруму болуп, Улуттук университетке абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды, 

Жыйынга окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, институттардын директорлору менен факультеттердин декандары (онлайн жана офлайн режимде) жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты. 

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берген соң, директорлор менен декандар багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунушташты. 4-турдун жыйынтыгы боюнча Улутттук университетке жалпысынан 31 абитуриент  кабыл алынды.

Кышкы кабыл алуунун 4-турунун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. 

Добавить комментарий