2024-жылдын 10-январында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда гранттык комиссиянын отуруму болуп, Улуттук университетке абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды, 

Жыйынга окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, факультеттердин декандары (онлайн жана офлайн режимде) жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты. 

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берген соң, декандар багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунушташты. Гранттык комиссиянын чечими менен Улутттук университетке жалпысынан 31 студент кабыл алынды.

Кышкы кабыл алуунун 2-турунун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий