2024-жылдын 17-январында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда кабыл алуу комиссиясынын отуруму болуп, Улуттук университетке абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. 

Жыйынга институттардын директорлору, факультеттердин декандары (онлайн жана офлайн режимде) жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты. 

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берген соң, декандар менен директорлор багыттар боюнча өткөрүү баллын сунушташты. 3-турдун жыйынтыгы боюнча Улутттук университетке жалпысынан 24 абитуриент кабыл алынды.

Кышкы кабыл алуунун жыйынтыктары менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий