Билим берүү жана илим министрлиги берген маалымат боюнча кышкы кабыл алуунун 2 турунда эң көп талон Кыргыз улуттук университетине ташталган (99 талон).

Бул көрсөткүч боюнча Ош мамлекеттик университети экинчи (77), КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы үчүнчу (42) орунда.

Эл аралык медицина университетине 24, ал эми Кыргыз экономикалык университетине 22 талон ташталган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы контракттык орундарга кышкы кабыл алуу 2023-жылдын 25-декабрында башталган. Үчүнчу тур 15-17-январда өткөрүлүп, төртүнчү тур 22-24-январга пландалган.

Маалымат булагы: 24.kg МА

Добавить комментарий