Педагогикалык колледждин атайын тренерлик сертификаты бар окутуучулары өз ара пикир алмашуу, ой бөлүшүү, эң башкысы – тажрыйба алмашуу максатында жогорку окуу жайлар менен колледждердин, о.э мектептердин мугалимдерине тренингдерди өтүп, конок лекцияларды окуп жатышат.
Мисалы, Кыял Жамангулова С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин мугалимдерине конок лекция окуп, Гүлзат Исмаилова менен Айнура Байтокова И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогикалык-профессордук курамына “Сынчыл ой жүгүртүү” жана “Педагогдун эмоционалдык чарчоосунун алдын алуу” деген актуалдуу темаларга семинар-тренинг өтүшсө, Жаңыл Нуруева Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин мугалимдерине «Заманбап сабак өтүүнүн ыкмалары» деген темада семинар-тренинг өттү.
(С) М.Т.Шарабидинов – педколледждин башчысы