2024-жылдын 16-17-январь күндөрү академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова менен кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары Назгуль Турдубаева Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде аталган окуу жайдын 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Дүйнөнүн этно-тилдик көп түрдүүлүлүгү жана түркий мурастары” аттуу II Эл аралык илимий конгресске катышып келишти.
Россия, Өзбекстан, Корея жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар катышкан жыйында Саадат Шерматова “Особенности описания неречевых действий в романе Ч.Айтматова “Когда падают горы”, ал эми Назгуль Турдубаева “Түрк дүйнөсүндө Ж.Баласагындын таанылышы жана изилдениши” деген баяндамаларды жасашты.
(С) Назгүл Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары