2024-жылдын 19-январында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Кабылова Света Амантуровнанын “13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (информатика жана билим берүүнү маалыматташтыруу)” адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясы Кыргыз билим берүү академиясында талкуудан ийгиликтүү өттү.
ПКМДИнин окутуучулар жамааты Света Амантуровнаны бул ийгилиги менен чын дилден куттуктап, чың ден соолук жана албан-албан ийгиликтерди каалайт!
(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери