Кесиптик колледждин тарых мугалими Бекжан Бейшембаев Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын алдындагы кесипке багыт берүү борборунда №74-орто мектептин 9-класс окуучуларына “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү” деген темада темада лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө окуучулар тема боюнча өз билимдерин тереңдетип, Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандар жөнүндө билишти. Бекжан Бейшембаев о.э. мектеп окуучуларын китеп окууга, тарыхты билүүгө жана кесипти туура тандоого чакырды.

(С) Рахима Отонбаева – өндүрүштүк практика  жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий