2024-жылдын 17-январында илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргыз Республикасындагы программалык координатору Мехмет Бодур мырза менен анын жардамчысы Санжар Алтымышевди кабыл алды.
Коноктор алгач ТИКА тарабынан жабдылган Түрк тилин үйрөтүү борборун, К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборун жана Азиз Санжар атындагы Кыргыз-Түрк ресурстук борборун көрүп чыгышты.
Жолугуушунун кийинки бөлүгү ректораттын жыйындар залында уланып, Назаркул Ишекеев Улуттук университет тууралуу кыскача маалымат берип, окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткандыгы үчүн Түрк кызматташтык жана координация агенттигине ыраазычылык билдирди. Андан соң эл аралык байланыштар жана кызматташтык боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков ТИКА менен КУУнун кызматташтыгы тууралуу кыскача баяндама жасады.
Жыйынга химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы Роза Сарымзакова жана орун басары Дилара Субанкулова, биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова жана орун басары Кундуз Мусаева, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов жана орун басары Гүлзат Исмаилова, о.э. студенттик жатаканалардын директору Бексултан Шабданов катышты.
Факультет декандары керектүү жабдууларды орнотуп, практикалык иштерди, илимий изилдөөлөр менен эксперименттерди жүргүзүү аркылуу студенттердин окууга кызыгуусун күчөтүүгө шарт түзүп бергендиги үчүн ТИКАнын координаторуна ыраазычылык билдиришти.
Мехмет Бодур мырза жолугушууга чакырып, жылуу тосуп алгандыгы үчүн КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өзү жетектеген уюмдун негизги максаты – боордош элдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү экенин, анын ичинде билим берүү тармагына өзгөчө маани берилерин баса белгилеп, долбоордун ишке ашышына окуу жайдын жамаатынын салымы чоӊ экендигин айтты жана жасап жаткан иштердин пайдасы тийип, текке кетпегенине кубанычта экенин билдирди.
– Жакында кыргыз филологиясы факультетинде Түрк тилин үйрөтүү борборун, ал эми Улуттук университетте “Билим Бишкек” борборун ачууну пландап жатабыз. Тиешелүү документтерге кол коюлса, февраль айынан баштап долбоор ишке ашырыла баштайт. Түркияда жаштарды илим-билимге кызыктыруу үчүн иштеп жаткан бул долбоорду Кыргызстанда да ачуу жакшы натыйжаларды берет деген ишеничтебиз. Борбордун ичинде табигый илимдер, санариптик технологиялар жана дизайн боюнча кабинеттер болот, мектеп окуучуларына жана студенттерге атайын курстар уюштурулат. Учурдан пайдаланып долбоорго имарат бөлүп бергени үчүн университеттин жетекчилигине, ректор мырзага ыраазычылык билдирем. Борборго келген окуучулар менен студенттердин кесипти туура тандоосуна багыт берилет деген ишеничтемин, – деп сөзүн жыйынтыктады Мехмет Бодур мырза.