2023-жылдын 22-декабрында №4-окуу имаратынын 308-дарсканасында Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, PhD, Америкадагы Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин доценти Урмат Тыналиев кыргыз-кытай институтунун окутуучулук-профессорлор курамы үчүн “Scopus маалымат базасында индекстелген басылмаларга илимий макаланы жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу темада семинар өттү.
Сабакты илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, Улуттук университеттин академиялык ийгилигин арттыруу, илимий-изилдөө иш-аракеттерин өркүндөтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлге көтөрүлүү, Scopus, Web of Science, Google Scholar, РИНЦ маалымат базаларындагы басылмаларга макалаларды чыгаруу жана өркүндөтүү жаатында максаттуу өткөрүлүп жаткан ушул иш-чараларга өзгөчө маани берүү муктаждыгын баса белгилеп өттү.
Семинардын жүрүшүндө ККИнин окутуучулар курамы илим жаатындагы негизги маселелер боюнча маалымат алышып, маңыздуу суроо-жооптор менен пикир алышып, семинар иштиктүү жыйынтыкталды.
(С) Кочорбаева Радима – илимий интер боюнча ККИ директорунун орун басары