География, экология жана туризм факультетинин «География» багытында окуп жаткан Алия Досалиева активдүүлүгү жана окуудагы ийгиликтери үчүн «Президенттик стипендияга» татыктуу болду.
Алия 4 жылдын ичинде ар кандай олимпиадаларга, эл аралык илимий конференцияларга катышып, бир топ ийгилик жараткан. Факультет тарабынан уюштурулган жаӊы жылдык кечеде да Алияга 2023-2024-окуу жылынын эӊ мыкты студенти катары кызыл лента тагылып, грамота менен сыйланды.
Факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты Алиядай мыкты студенттер менен сыймыктанат жана мындан аркы да окууларына ийгилик каалайт. Кийинки курстун студенттери да Алиядан үлгү алат деген ойдобуз.
(С) М.Р.Байсеитова — тарбия иштери боюнча декандын орун басары