2023-жылдын 26-декабрында тарых жана чөлкөм таануу институтунда тарых илимдеринин кандидаты, ишкер Маматкаимов Акмат Абибиллаевичтин колдоосу менен толук оңдоп-түзөөдөн өткөн 326-дарскананын ачылыш аземи болуп өттү. 

Иш-чарага ректор Төлөбек Абдырахманов, т.и.к., ишкер Акмат Маматкаимов, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек, тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Жыйында ТжЧТИ директору Туратбек Сырдыбаев сөз сүйлөп, Акмат Абибилллаевичтин колдоосуна жамааттын атынан ыраазычылык билдирди жана анын “Чоң Алай” энциклопедиясынын автору, о.э. дүйнөнүн эң бийик, Эверест баш болгон чокуларын багындырган альпинист экендигин белгиледи. Директордун сөзү Маматкаимов Акмат Абибиллаевич тууралуу слайд менен коштолду.

Кийинки сөз ректорго берилип, Төлөбек Абылович университеттин, институттун ичинде жакшы саамалыктар болуп, окуу аудиториялары заманбап жасалгаланып жаткандыгын баса белгилеп, Акмат Абибиллаевичке ыраазычылык катын жана эстелик белегин тапшырды.

Институттун профессорлору Т.Б.Шейшеканов, Ж.К.Момбекова, Г.М.Мамбетова жана Ш.Д.Батырбаевалар аудиториянын ачылышы менен жамаатты куттуктап, ишкер Акмат Абибиллаевичке рахматын айтып, инвесторду таап, алып келген “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын доценти, т.и.к. Майрам Асипбаеванын эмгеги чоң экендигин баса белгилешти.

Студенттердин атынан 3-курстун студенти Бакытбек кызы Гүлсара сүйлөп, Акмат Абибиллаевичке ушундай жаркыраган заманбап аудиторияны кайра баштан жаңыртып, заманбап техникалар менен жабдып бергендигине рахматын айтып, “Сиздей инсандардан үлгү алып, келечекте эл керегине жараган адамдардан болобуз”, – деди.

Жыйындын аягында сөз тарых илимдеринин кандидаты, ишкер, “Чоң Алай” энциклопедиясынын автору, дүйнөнүн эң бийик чокуларын багындырган альпинист Маматкаимов Акмат Абибиллаевичке берилди. Ал институттун жамаатына ийгиликтерди каалап, ушул заманбап аудитория Майрам Бейшенакуновнанын көзөмөлү менен биргеликте жасалгандыгын белгиледи жана ага ыраазычылык билдирип, институттун өнүгүүсү боюнча идеялары менен бөлүштү.

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери жаш муундардын келечеги үчүн заманбап аудиторияны ачып берген Маматкаимов Акмат Абибиллаевичке терең ыраазычылык билдирип, ага бекем ден-соолук, ийгилик жана мындан да мыкты бийиктиктерди багындыра беришин каалайт!

(С) Гүлзат Чодолдоева – окуу иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий