2023-жылдын 28-декабрында математика жана информатика факультетинин студенттери сессиянын жүрүп жатканына карабастан, экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, жарым жылдык окуу жылын жыйынтыктоо менен бирге кышкы каникулга чыгар алдында кызыктуу саякатка чыгышып, кыргыздын демократ акыны Токтогул Сатылгановдун музейине барышып, кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучуларынын алгачкы китептери болгон М.Элебаевдин алгачкы автобиографиялык «Узак жол» романы, Ж.Турусбековдун биринчи драмасы «Acal ordinary», Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогулдун өмүрү», «Ырлар жана поэмалар жыйнагы», А.Токомбаевдин «Таң алдында» романы, Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы, А.Осмоновдун «Отчий край», «Мезгил жана Алыкул»,«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»,«Ыр сабындагы өмүр», «Көл толкуну» ырлар жыйнактары экенине күбө болуп, жан дүйнөсүн байытып келишти.

Музейде о.э. белгилүү адамдардын сүрөттөрү, документтери, мамлекеттик сыйлыктары, китептери, жеке буюмдары кеңири чагылдырылган. Мисалы, А.Малдыбаевдин мандолинасы менен домбурасы, Т.Сатылганов менен С.Чокморовдун комуздары жана башка экспонаттар көрүүчүлөрдүн кызыгын арттырат. 

Музей 1989-жылы Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына карата ачылган. Анын экспозициясында байыркы түрк, согди, уйгур, сирия, араб жана тибет жазуулары, о.э. Vll-XlX кылымдардагы кыргыз жазуусуна арналган материалдар көрсөтүлгөн.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий