2023-жылдын 29-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин жаштар комитети тарабынан “Жаңы жыл – жаңы жашоо” аталышындагы салтанаттуу кече уюштурулду. Таланттуу студенттер ыр-бий аткарып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чаранын соңунда факультет деканы Б.Жайлообаев окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн бир катар студенттерге грамоталарды тапшырды.