Урматтуу Улуттук университеттин окутуучу-профессорлору жана кызматкерлери!

Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты келе жаткан жаңы 2024-жыл менен чын жүрөктөн  куттуктайт!

Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жаңы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам. Урматтуу кесиптештер! Сиздерди келе жаткан жаңы жыл майрамы менен кызуу куттуктап, бүткүл чыгармачылык кудуретиңиздерди келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшаган эмгектериңиздер үчүн аталган факультеттин студенттери өз ыраазычылыктарын билдиришет.

Урматтуу билим берүү системасынын кызматкерлери!

Жаңы 2024-жыл элибизге токчулук, молчулук, ынтымак алып келген ак жолтой, ийгиликтердин жылы болсун!

Мугалим – уникалдуу жана ардактуу кесип. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин жакшы билебиз. Билим алууну үзгүлтүккө учуратпай,  келечек ээлеринин терең билим алуусуна кошкон зор салымыңыздар, сиздердин мекенчил экендигиңиздерди далилдеп турат.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чын ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык каалайбыз!

Урматтуу кыргыз эли!

Келе жаткан жаңы 2024-жыл өлкөгө өнүгүүнү, тынчтыкты алып келсин!

Жаңы жылда өлкөбүздө өзгөрүүлөр көп болуп, Кыргызстан үчүн жаңылануунун жылы болуп, жалаң жакшылыктар жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттар орундалышына тилектешбиз. Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын! Жаңы жылыңыздар менен!

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий