Урматтуу университет коомчулугу!

Мына эми 2023-жыл аяктап баратат. Бул жыл жеңил жылдардан болгон жок, көптөр үчүн ал ар кандай сыноолор менен коштолду. Ошол эле учурда биримдикте, тыгыз кызматташтыкта ​​жана бири-бирибизге урмат-сый көрсөткөндө гана биз алдыга пландалган кесиптик багыттарга, бийиктиктерге бара аларыбызды ачык көрсөттү. Бүгүн өтүп жаткан жылдын негизги жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып, биринчи кезекте университетибиздин жамааты эмгектин жакшы натыйжаларынын аркасында жетише алган көптөгөн ийгиликтерди эстегим келет. Биз пландарыбыздын көбүн аткара алдык, ал эми  кээ бирлерин келерки жылы аткарууга туура келет. Жаңы 2024-жыл кандай болоору өзүбүздөн гана көз каранды. КУУнун Кесиптик бирлик комитети жана кесиптик бирлик активисттери университеттин кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү биздин колдообузду жана коргообузду сезиши үчүн ар дайым иштөөгө аракет кылышат. Кесиптик бирлик комитет өзүнүн өндүрүштүк пландарынын чегинде ар турдүү форматтагы жана багыттагы көп сандаган иш-чараларды өткөрдү. Ошону менен бирге кесиптик бирлик активисттер өздөрүнүн ишине объективдүү баа бере алышат, сынды урматташат жана өздөрүнүн коомдук иштерине зарыл оңдоолорду киргизишет. Жаңы 2024-жыл бизге Улуттук университеттин алдында турган актуалдуу кесиптик милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерине ишенебиз. Андыктан жаңы жылда баарыбыздын жеңиштерибиз көп болсун! Бул жыл кубанычка, жылмаюуга жана шаңга толсун! Ар бириңиздердин тилегиңиздер орундалып, жеке максаттарыңызга өз убагында жетишиңиздерди тилектешмин! Сиздерге кесиптик өсүш, оптимизм жана өзүнө болгон ишеним, кийинки он эки ай чыгармачылык ийгиликтерге жана олуттуу окуяларга бай болсун! Үй-бүлөңүздү жана жакындарыңызды ар дайым ийгилик , бакубатчылык  жана бейпилдик  коштоп жүрсүн! Жаңы жылда баарыңыздарга чын ден-соолук, узак өмүр жана кубаныч каалайм!

Жаңы жылда бактылуу болуңуздар!

(C) Жумабеков К.С. – кесиптик бирлик комитетинин төрагасы                       

Добавить комментарий