Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2023-жылдын 1-4-декабрь күндөрү Туркиянын Бурса шаарында болуп өткөн  Gurshag грепплингдин Алпагут версиясы  боюнча дүйнө биринчилигине 85 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ээледи.

Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! Улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

КУУнун окутуучулары жана студенттери дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, Азиялык оюндардын жана биринчиликтин 4 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, ММАнын HFC32 жана GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий