Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери!
Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы 2026-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Өтүп бараткан жылды узатып жатып, аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, окуу жайыбыз үчүн өтө маанилүү жана маңыздуу окуяларга бай, көп жакшылыктардын, зор ийгиликтердин жылы болгонуна ынанабыз.
2025-жылдын эң негизги окуялары — университетибиздин дүйнөлүк университеттердин QS рейтингинде 1201-1400, Азия университеттеринин арасында 391, ал эми Борбордук Азияда 25-орунду ээлеши, университетибиздин түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин жогорку деңгээлде өтүшү, мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жарлыгы менен Улуттук университеттин 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышы – окуу жайыбыздын аброюн дагы бир тепкичке көтөрүп, кубанычыбызга — кубаныч, демибизге – дем кошту.
Мындан сырткары, юбилейге карата көтөрүлгөн “100 жылдыкка – 100 китеп”, “100 жылдыкка – 100 кабинет” жана “100 жылдыкка – 100 иш-чара” деген демилгелер толугу менен ишке ашып, университетибизде 100дөн ашуун кабинеттер ачылып, 100 дөн ашуун китептер басылып, 100дөн ашуун ар кайсы деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү.
Дагы бир баса белгилеп кетчү окуя – пайдаланууга болбой калган мурдагы 4-жатакана толугу менен сүрдүрүлүп, анын ордуна 16 кабаттуу заманбап окуу жана жатакана комплекси курула баштады. Учурда имараттын 15 кабатында курулуш иштери жүрүүдө.
Келе жаткан жаңы 2026-жылы да Улуттук университет аталган ийгиликтерди бекемдеп, өнүгүүгө багытталган иштерди улантып, жаңы жетишкендиктерге кадам таштай берет. Албетте, булардын баары сиздердин колдооңуздар жана аракетиңиздер менен ишке ашырылат.
Урматтуу студенттер жана кесиптештер!
Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын. Сүйүктүү университетибиздин ар бир кызматкерине, студентине, магистрине, аспирантына чың ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалаймын. Жаңы жылда асыл максаттар, аруу тилектердин баары ишке ашсын. 2026-жыл ар бирибиз үчүн жакшылыктардын жылы болсун!
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев