География, экология жана туризм факультетинин студенттери үчүн жаӊы жылдык кече уюштурулду. Майрамдык иш-чараны факультет деканы Рыскүл Токторова менен декандын орун басары Октябрь Топбаев ачып берген соң, 1-курс студенттерине сынак китепчеси тапшырылды. Кеченин жүрүшүндө 2023-2024-окуу жылынын мыкты студенттерине факультет деканы жана мугалимдер жамааты  каалоо-тилек айтып, төмөнкү номинациялар боюнча грамоталарды тапшырышты.

«Эӊ мыкты спортчу» наамы:

  1. Жакшылык уулу Жанарбек (ордо, футбол боюнча);
  2. Бурканов Элбек (футбол боюнча);
  3. Калыкова Сезим (волейбол боюнча);
  4. Жороева Элиза (волейбол боюнча);

«Эӊ мыкты студент» наамы:

  1. Досалиева Алия (география багыты);
  2. Саламатова Кундуз (туризм багыты);
  3. Рыскулова Алия (экология багыты);

«Коомдук активист» наамы:

  1. Сатаров Тургунбек

«Чыгармачыл студент» наамы:

  1. Керимкулова Асель

«Активдүү студент» наамы:

  1. Ишенбаева Кадича
  2. Сапабекова Бегимай

«Эӊ мыкты староста» наамы:

  1. Эсенбекова Эркайым

Кечени уюштурууга салым кошкон тайпалардын старосталары менен студенттик кеӊештин мүчөлөрүнө да грамоталар тапшырылды.

Жаӊы жылдык кече концерттик программа, оюн-зоок менен уланып, факультеттин студенттери  өз өнөрлөрүн тартуулашты.

(С) М.Р.Байсеитова – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий