География, экология жана туризм факультетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» багытында окуп жаткан Алия Рыскулова активдүүлүгү жана окуудагы ийгиликтери үчүн «Керемет Холдинг» тарабынан демилгеленип, Кыргызстан жаштар конгресси жана Салымбеков Университетинин колдоосу менен уюштурулган «Кыргызстандын мыкты студенти 2023» республикалык сынагында III даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды.

Алия о.э. факультеттин окутуучулар жамаатынын колдоосу менен Астана шаарында болуп өткөн Эл аралык конкурста «КМШнын мыкты студенти» наамына ээ болуп, I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды. 

Ал эми факультет тарабынан уюштурулган жаӊы жылдык кечеде Алия Рыскуловагы «Экология жана жаратылышты пайдалануу багыты» боюнча 2023-2024-окуу жылынын «Эӊ мыкты студенти» катары кызыл лента тагылып, грамота менен сыйланды.  Декан Рыскүл Токторова менен тарбия иштери боюнча декандын орун басары Махабат Байсеитова Алияны куттуктап, сыймыктанаарын айтышты жана мындан аркы окууларына ийгилик каалашты.

(С) М.Р.Байсеитова – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий