2023-жылдын 14-15-декабрында Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов Түркиянын Ерзинжан шаарындагы Биналы Йылдырым атындагы университетте болуп өткөн “Азыркы учурдагы орток түрк адабияты жана Назым Хикмет” аталышындагы эл аралык  илимий конференцияга катышып, “Түрк тилдүү поэзия жана Назым Хикмет феномени” деген илимий баяндама жасады.

Доцент Аскар Медетов илимий актуалдуу жана терең мазмундуу баяндамасы үчүн Биналы Йылдырым атындагы университеттин ардак грамотасы менен сыйланды.

Урматтуу Аскар Советович!

Сизди эл аралык илимий конференцияда алган сыйлыгыңыз менен куттуктап, илимий изилдөөлөрүңүздүн жемиштүү боло беришине тилектешпиз.

Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жарата беришиңизди каалоо менен,

(С) Максатгүл Бокешова – Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий