А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун студенттери “Жаша” командасынын курамында Сеул эл аралык достук уюму (SIFO) тарабынан каржылана турган “Start-up Incubating 2023” сынагында 1-орунга ээ болушту. Команда «Санарип лабораториялык жабдуулар менен саймаларды колдонуу менен текстилдик калдыктарды кайра иштетүү жолу» деген темада долбоорду сунуштады.
“Жаша” командасынын курамы: команданын лидери, И.Раззаков атындагы КМТУнун бүтүрүүчүсү, Адалят Бахаудинова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун МжБ институтунун студенттери Анаркалий кызы Акылай, Турсунбаева Нуркыз жана Жодарова Наргиза. Илимий жетекчиси – э.и.к., А.А. Асанова атындагы МжБИнин доценти, Бишкек экологиялык фондунун директору Черикова Динара Сатыбалдиевна болду.
Бул жылы долбоордун чоң аракеттери Fablab студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө акселерация программасынын жана бизнес-инкубациялоонун контекстинде өз идеяларын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүгө багытталган. Мелдеш санариптик технологияларга байланыштуу түрдүү темалар боюнча алты күчтүү командадан турган. Стартап-долбоорлорду ишке ашырууну колдоо үчүн байге фонду болжол менен 3000 долларды түздү.
Ж.Баласагына атындагы КУУнун А.Асанова атындагы МжБ институтунун жетекчилиги команданы даярдаган илимий жетекчиси Динара Чериковага терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле студенттерди жана КМТУнун команда лидерин куттуктайт, жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана стартап долбоорунун жемиштүү ишке ашырылышын каалайт!
(С) Конокбай кызы Жамал – директордун тарбия иштери боюнча орун басары