2023-жылдын 18-декабрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Конфуций институтунун директорлору Чэн Чжигуо менен Масалбек Сулаймановду кабыл алды. Алар ректорго 8-10 – декабрь күндөрү Пекин шаарына болгон иш сапары жана ал жерде өткөн «Кытай тили дүйнөгө кызмат кылат жана ачыктык келечекке жетелейт» аттуу I дүйнөлүк кытай тили конференциясы тууралуу маалымат берип, Хэбей педагогикалык жана Хэбей индустриалдык тармактык университеттери менен кызматташуу боюнча келишимдерди жана Хэбей педагогикалык университетинин парткомунун биринчи катчысынын белегин тапшырышты.
Белгилей кетсек, Пекиндеги жыйында 2022-2023 – окуу жылында мыкты Конфуций институттарынын тизмеси жарыяланып, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Конфуций институту дүйнөдөгү 500 Конфуций институттарынын ичинен «Кытай тилинен (HSK, HSKK) сынак берүүнүн мыкты борбору» деген наамга ээ болду.