2023-жылдын 19-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында медицина факультети тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – аалам жазуучусу” аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара кыргыз, орус , англис жана хинди тилдеринде өттү. Чет өлкөлүк студенттер “Кылым карытар бир күн” романынан Маңкурттун образын орус тилинде, “Саманчынын жолу” повестинен үзүндүнү кыргыз тилинде, ” Жамийла” повестинен сценканы хинди тилинде көрсөтүштү. Чынгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган “Ысык көлдү сагынуу” ырын Индиядан, “Энекем” деген ырды Тибеттен келген 2-курс студенттери мыкты аткарып, көрүүчүлөргө жакшы эмоция тартуулашты. Кыргыз маданияты жана адабияты менен таанышкан чет өлкөлүк студенттер “Кара жорго” бийин да абдан жакшы аткарып беришти. Чынгыз Айтматовдун акыл-ойлорун, учкул сөздөрүн, о.э. “Эзелтеден болуп жаткан улуу талаш” аттуу ыр саптарын декламация катары көркөм  айтышты.

Мындан тышкары, студенттер өз өлкөлөрүнүн маданияты менен да тааныштырып, “Индия бийин” аткарып, жаңы жылдык кече Индиянын гимни менен жыйынтыкталды.

Адабий кечеге келген коноктор – мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан жана Г.Н.Назарбекова – студенттерге ыраазычылыгын айтышып, факультетке албан-албан ийгиликтерди каалашты. Профессор Е.Н.Каблуков студенттерге хинди тилинде кайрылып, аларды кубандырды.

Факультет деканы Чынгыз Узакбаев кечени уюштурган ага окутуучу Ж.К.Джапарова менен Н.Г.Чонмуруновага чоң рахматын айтып, алдыда ушундай иш чараларды дагы өткөрүү керектигин белгиледи.

Добавить комментарий