2023-жылдын 13-декабрь күнү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова кесиптик колледждин туризм багытында окуган студенттери үчүн “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү” деген темада конок лекция окуду.
Сабактын жүрүшүндө Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлүшү керек экендиги, туризм адистигинин сырлары, маданият, адеп-ахлак, өзүн-өзү тарбиялоо боюнча да кеп-кеңештер айтылды.
Лекция студенттер үчүн пайдалуу, керектүү жана маңыздуу болду.
(С) Асель Юсупова – котормо иши бөлүмүнүн окутуучусу