Үстүбүздѳгү жылдын 14-декабрында К.Асаналиевдин 95 жылдыгына карата факультет деканы Б.А.Жайлообаевдин 2023-жылдын 1-декабрындагы №6 буйругунун негизинде кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БМУнун профессору Асакеева Динара Жолдошевна тарабынан «Уникалдуу талант, улуу аалым – К.Асаналиев» аттуу конок лекция өтүлдү.
Лекцияны факультет деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев ачып, студенттерге Асакеева Динара Жолдошевнаны тааныштырып, андан соң кадырлуу конокко сѳз берди. Иш чарага кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы, доцент Э.Акунов, кафедранын жалпы жамааты, декандын тарбия иштери боюнча орун басары А.Солтоноев жана факультеттин «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттери катышты.
Лектор көрүнүктүү адабиятчы, улуу аалым К.Асаналиев тууралуу студенттерге кызыктуу баян куруп, көптөгөн пайдалуу маалымат берди. Студенттер аябай кызыгуу менен суроолорду узатып, пикир алышуу жандуу болду.
Кыргыз филологиясы факультетинин «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттерине өтүлгѳн лекция ийгиликтүү аяктады, лекция өз максатына жетти.
(С) Э.Б.Акунов – кафедра башчысы, А.Солтоноев – декандын тарбия иштери боюнча орун басары