Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 2-курс студенти Байэл Джакшылыков самбо боюнча Россия Федерациясынын Верхняя Пышма шаарында 2023-жылдын 5-9-декабрь күндөрү болуп өткөн эл аралык «Гранпри Финал» мелдешине катышып, 3-орунга ээ болуп келди.

Буга чейин жаш балдар арасында мелдештерге катышып жүргөн студентибиз биринчи жолу чоңдор арасында мелдешке катышып, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду.

Окууңду да ушундай ийликтер коштоп жүрсүн, Байэл!

(С) Кыдырмаева Салия — тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий