2023-жылдын 14-декабрь күнү Түштүк Кореялык профессор Чой Йонг-Санг математика жана информатика факультетинин студенттерине “Жасалма интеллект эмне жасайт?” деген темада эки сааттык дарс өтүп, Python грамматикасы, Numpy, Pandas жана RDB-реляциялык маалымат базасы жөнүндө кеңири маалымат берди.
Лектор о.э. ар бир ишемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө КУУнун студенттери онлайн форматта Zoom аркылуу Кореянын жасалма интеллект коому тарабынан уюштурулган 2 сааттык илимий-изилдөө дарсына катышууга боло тургандыгын, келечекте Кореянын белгилүү компанияларында иштеп калууга аябагандай зор мүмкүнчүлүк түзүлөрүн баса белгилеп кетти.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер академиялык мабилдүүлүктүн негизинде Кореянын алдынкы университеттеринде билим алуу программасы тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты. Кореялык адистин программалоо багытында берген маалыматы студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, кызыктуу дискуссия да болду.
Белгилей кетсек, мындан бир жыл мурда факультеттин базасында Кореянын Улуттук изилдөө фонду менен биргеликте “Робототехника” лабораториясын түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр болгон .
Жыйындын соңунда факультет деканы Изат Усенов бүтүндөй аудиторияга жеткиликтүү дарс окуп бергендиги үчүн профессор Чой Йонг-Санг мырзага ыраазычылык билдирип, студенттерди мындан аркы өтө турган илимий иштерге бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого чакырды.
(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары,ф.м.и.к.,доцент