2023-жылдын 8-10 декабрь күндөрү Конфуций институтунун кытай тарабынан директору Чэн Чжигуо, кыргыз тарабынан директору Сулайманов Масалбек Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында өткөн «Кытай тили дүйнөгө кызмат кылат жана ачыктык келечекке жетелейт» деп аталган I дүйнөлүк кытай тили конференциясына катышып келишти.
Иш-чарада 2022-2023 окуу жылында мыкты деп аталган институттардын тизмеси жарыяланып, алардын катарында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Конфуций институту дүйнөдөгү 500 Конфуций институттарынын арасында “Кытай тилинен (HSK, HSKK) сынак берүүнүн мыкты борбору” деген наамга ээ болду.
Конференциядан кийин Кытайдын Хэбей провинциясына барып, Хэбей университети, Хэбей педагогикалык университети, Хэбей индустриалдык тармактык университеттери менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюулду. Тараптар эки тараптуу кызматташууну талкуулашып, илимий изилдөө, студенттерди кыска жана узак мөөнөтүү окууларга жөнөтүү программаларын ишке ашыруу максаттарын талкуулашты. Аталган университеттер Кытайдын тарыхы бай жана алдынкы университеттердин катарына кирет.
Аталган конференцияга Улуттук университеттин кыргыз-кытай институтунун студентери: Сиань чет тилдер университетинде окуган Аалам, Пекин педагогикалык университетинде окуган Нарынгүл да катышышты. Алар Кыргызстанда окуган курсташтарына салам айтуу менен Кытайга окууга чакырып, агай-эжелерине ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалашты.
(С) Сулайманов Масалбек – Конфуций институтунун кыргыз тарартан директору