2023-жылдын 12-декабрь күнү кыргыз-кытай институнун орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Жыйынды директордун орун басары Бейшеева А.А. ачып, куттуктоо сөзүн айтты. ККИнин 1-курс студенттери тарабынан «Айтматов – кылым адамы» аттуу теманын алкагында баяндамалар жасалып. Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынын кыргыз киносуна, театрына, музыкасына, живописине, кыскасы, кыргыз искусствосунун бардык тармактарына тийгизген таасири, Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин сыймыгы, дөөлөтү экендиги, анын чыгармалары өмүр бою күл азык болоору тууралуу айтылып, роликтер коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө о.э. акыл таймаш өткөрүлүп, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.
Иш-чаранын дагы бир бөлүгүндө Ч.Айматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр мугалимдер жана студенттер тарабынан кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде көркөм окулуп, жазуучунун чыгармалары боюнча коюлган сахналаштырылган композиция көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында институттун директору Софья Апаева Ч.Айтматовдун кыргыз адабияты менен маданиятына тийгизген таасири жөнүндө сөз сүйлөп, студенттерди билимге шыктантты.
Иш – чарага Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү дагы катышып, Ч.Айтматов жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүштү.
(С) А.К.Айнабаева – ККИнин “Котормо таануу (кытай тили)” бөлүмүнүн ага окутуучусу