2023-жылдын 12-декабрь күнү №6-окуу имаратындагы №126-дарсканада математика жана информатика факультетинин «Жаңы муун» дебаттык клубунун демилгеси менен 1-2-курстар арасында Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө карата “Адабият майданы” аттуу интелектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Жаштардын ой өрүшүн өркүндөтүп, адабият таанымын кеңейтүүгө “Ак-Кеме», «Дилгир», «Бетме-бет», «Намыс»,” Биримдик” жана “Билимдар” командалары катышты. Оюндун 1-туру «Айтматов жана сынчыл ой жүгүртүү» жана «Алыкул Осмоновдун чыгармалары студенттердин көзү менен» темаларына байланыштуу тапшырмалар менен коштолуп, 2-турда кыргыз адабиятынын өкүлдөрү, белгилүү сүрөтчүлөр жөнүндө суроолор берилди. 3-турда команда капитандары «Мыкты капитан» наамын жеңип алуу үчүн күч сынашты, 4-турда ар бир команда бирден категория тандашты.

Студенттер бул иш-чара факультеттин активдүү студенттерин бир аянтчага чогултуп, алардын тажырыйба жана идея алмашуусуна шарт түзгөн пайдалyy жолугушуу болгонун баса белгилешти.

Мелдештин жыйынтыгында “Дилгир” командасы 1-орунду ээлесе, “Мыкты капитан” номинациясында “Ак-Кеме” командасынын капитаны Эрнис уулу Мирбек жеңишке ээ болду.

Иш-чаранын соңунда факультет деканы Изат Усенов байгелүү орундарга ээ болгон командаларды жана активдүү катышкан студенттерди ардак грамоталар менен сыйлады.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий