2023-жылдын 12-декабрында педагогикалык колледждин 1-курс студенттери окутуучу Жеңишбек кызы Назгүл менен биргеликте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Улуттук китепканадагы А.Осмоновдун музейинде өткөрүлгөн “Адабияттын соолубас дарагы 95 жашта” аттуу адабий иш-чарага катышып келишти.
Улуттук жазуучулар союзунун терагасынын орун басары К.Кадыракунов, акын К.Кокулов, Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери А.Кадырмамбетова, ага илимий кызматкер А.Тургунбаева, акын-драматург М.Абылова жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан иш-чарага педагогикалык колледждин студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашып, уюштуруучулардын ыраазычылык катына ээ болушту.
(С) М.Т. Шарабидинов – педагогикалык колледждин башчысы