2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучусу Б.Бекназарова факультет деканы Б.Жайлообаевдин 2023-жылдын 1-декабрындагы №2-буйругунун негизинде “Залкар жазучу Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы фразеологизмдер” аттуу тегерек үстөл уюштурду.

Алгач Б.Бекназарова студенттерге Ч.Айтматовдун чыгармалары жана  андагы колдонулган лексикалык каражаттардын бири болгон фразеологизмдер онүндө маалымат берди. Андан соң студенттер жазуучунун чыгармаларындагы фразеологизмдер тууралуу талкуулашып, алардын берген маанилерин бүгүнкү турмуш менен салыштырып беришти.

(С) Актилек Солтоноев — декандын орун басары

Добавить комментарий